www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 22-апрелинде өткөн жыйында Рустамбек уулу Советбек Ноокат–Ош каттамындагы жүргүнчүлөрдүн жүрүү шарттарын жеңилдетүү маселесин көтөрдү.
Анын айтымында, учурда шаардын батыш тарабында жашаган жүргүнчүлөр — пенсионерлер, студенттер жана ата-энелер — Ноокат багытына кетүү үчүн алгач тескери тараптагы автовокзалга барып, андан кийин кайра артка кайтууга мажбур болуп жатышат. Бул жарандардын убактысын жана каражатын текке кетирип, кошумча чыгымдарды жаратууда.
Мындан тышкары, мындай жагдай айдоочулар менен жүргүнчүлөрдүн ортосунда талаш-тартыштарды пайда кылып, шаар ичиндеги жол кыймылына да тоскоолдук жаратып жатканы белгиленди.
Ушуга байланыштуу Ноокат багытындагы маршруттар үчүн «Нирвана» кафесинин жанына жүргүнчүлөргө ыңгайлуу атайын аялдама уюштуруу сунушу киргизилди. Бул демилге ишке ашса, каттамды пайдаланган жарандардын жүрүүсү бир топ жеңилдейт деп күтүлүүдө.