www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Сеидбек Атамбаев Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын (ЕКПА) Франция Республикасынын Страсбург шаарында өткөн жайкы сессиясына катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Иш сапарынын алкагында Сеидбек Атамбаев ЕКПАнын негизги комитеттеринин, анын ичинен Саясий маселелер жана демократия боюнча комитеттин, ошондой эле Юридикалык маселелер жана адам укуктары боюнча комитеттин жыйындарына катышты. Анда эл аралык саясаттын актуалдуу маселелери, демократиялык институттарды чыңдоо, мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу жана адам укуктарын коргоо маселелери талкууланды.
Сессиянын алкагында кыргыз тараптын ЕКПАнын Кыргыз Республикасы боюнча баяндамачысы Мариетта Караманлинин баяндамасы боюнча өткөрүлгөн угууларга катышуусу өзгөчө мааниге ээ болду.
Иш-чарада сөз сүйлөгөн ЕКПАнын Кыргыз Республикасы боюнча баяндамачысы Мариетта Караманли Кыргыз Республикасын саясий, социалдык жана институционалдык реформаларды ырааттуу ишке ашырып жаткан, жаш жана динамикалуу өнүгүп жаткан мамлекет катары белгиледи. Ошондой эле Кыргызстандын Европа Кеңеши жана ЕКПА менен кызматташууну, анын ичинен «Демократия үчүн өнөктөш» макамынын алкагында мындан ары тереңдетүүгө кызыкдар экендиги өзүнчө айтылып, бул жыйындын катышуучулары тарабынан колдоо тапты.
Ошондой эле сессиянын жүрүшүндө Сеидбек Атамбаев бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Алардын катарында ЕКПАнын Кыргыз Республикасы боюнча баяндамачысы Мариетта Караманли, ошондой эле Польша жана Түркиянын парламент өкүлдөрү менен болгон жолугушуулар бар. Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар парламенттер аралык алакаларды мындан ары арттырууга өз ара кызыкдар экендигин ырасташты.