www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын абактарында жазасын өтөп жаткан жарандырыбыз Украинага согушка кетип жатышат. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев бүгүн, 8-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Кыргызстандын мыйзамы боюнча биздин жарандарыбыз чет өлкөдөгү согуштук аракеттерге катыша албайт. Учурда Россиянын түрмөлөрүндө миңден ашуун кыргызстандык жазасын өтөп жатат. Алардын алды Украинадагы согушка катышып, сөөгү келе баштады. Бул абдан чоң трагедия. Ушул күндөрү ата-энелер Россиянын абактарында жаткан балдарынын дайын-дарегин таппай жатышат.
Ушундай катаал учурда прокуратура менен Жогорку сот аталган өлкөнүн абактарында жаткан жарандарыбызды Кыргызстандын абактарына которуу аракетин күчөтүшү керек. Бирок Жогорку сот бул маселеге кайдыгер карап жатат", - деди Акаев.
Ал бул боюнча Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековго бир канча фактыларды келтирди.
"Орусиянын соту 9,5 жылга кескен жаранды биздин Жогорку сот 7,5 жылга кескен. Ошондуктан Россия тарап жазаны жеңилдетип койду деп, которуудан баш тартты.
Андан сырткары, 27-декабарда кармалган жаранды, бизде 27-мартта деп жазып койгон. Даталар дал келбейт деп, ал жигитти да которуудан баш тартышкан.
Биздин жарандардын Кыргызстандын абактарына келсек деген эки көзү төрт болуп, жылдап тилеп жатышат да. Соттун катасынын айынан биздин жаран эмнеге согушка кетип өлүшү керек? Бул маселени жеке көзөмөлүңүзгө алып, катуу тапшырма бериңиз", - деди депутат.
Булак: NazarNews.kg