www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткендин эксгубернатору Арзыбек Бурхановдун арызынын негизинде Баткендин эксгубернатору Жеңиш Разаков алдамчылыкка шектелип кармалганы айтылууда. Арзыбек Бурханов деле оңуп кеткен жок. Ким президент болсо буту-колуна чырмалышып «кошелок» болуп калат. Анын 2010-жылы күзүндө « Ата-Журт» партиясына кантип жан тартканын билебиз. Арзыбек Бурханов «Ата-Журт» партиясынын Баткен облусу боюнча жетекчиси болуп дайындалат. “Ата- Журт” партиясына 100 миң доллар таштап «кошелок» болуп жардам бергени менен башка ал кездеги бийликтин партиясы менен «жашыруун оюн» жүргүзүп жатканы белгилүү болуп калат. Ошондуктан «Ата-Журт» партиясы элди үгүттөп шайлоо өнөктүгүн Баткенде өткөзүп жатканда Баткен облусу боюнча лидери Арзыбек Бурхановду үгүт иштерине жолоткон эмес.
Баткендик Раззаковду алдамчы баткендик Разаков менен салыштырууга болбойт. Анткени Исхак Раззаков Кыргызстан компартиясын жетектеп эл үчүн иштеген адам, Разаков анын атын булгап чөнтөгү үчүн иштеген адам. Сагызган сактыгынан эмес, суктугунан кылтакка илиниптир дегендей, буга дейре укук коргоо органдарына моюн бербей келди эле. Кезинде Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгын жетектеп турганда Тажик укук коргоо органдарына колго түшүп, сурак берип, түшүнүк кат жазып чыккан окуясы боюнча чоң чуу чыккан.Бирок ошол окуядан кийин көп өтпөй Баткен облусунун жетекчиси, андан соң күч түзүмдөрүн тейлеген вице-премьер-министр болуп ташы жогору кулап, ити чөп жеген.
Дал ушул Разаков Баткендеги Ак-Сай айылындагы чек ара кызматынын аскердик күзөт вышкасын алдырып салып, тажиктердин талабын аткарган.Кийин маалымат каражаттарында Разаковдун тажиктерге көп жан тартаары боюнча ачуу сын пикирлер арбын жазылды. Ал түгүл коомчулукта Разаковду кылмыш жоопкерчилигине тартуу талабы дагы байма-бай айтылып келген. Айтор, Разаковдун ишмердүүлүгүнө карата шектенүү күч. Баскан изин жакшылап казса, былыктары жетиштүү. Баткендеги чек ара маселесине байланыштуу көп сырды билет.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg