www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Манас" бажысынын кызматкерлери тарабынан бажылык тариздөөгө мониторинг жана талдоо жүргүзүү учурунда бажылык укук бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, А.С. ЖЧКнын дарегине ИЛ-76ТД аба кемеси товары ташылып келинген жана убактылуу ташып келүүнүн (кирүүнүн) бажы жол-жобосуна жайгаштырылган, ташып келүү мөөнөтү 2022-жылдын 31-декабрына чейин белгиленген.
ЕАЭБдин Бажы кодексинин 221-беренесинин 4-пунктуна ылайык, бажы органы тарабынан белгиленген убактылуу ташып келүү бажы жол-жобосун колдонуу мөөнөтү жактын арызы боюнча бул мөөнөт аяктаганга чейин же бул бажы жол-жобосун колдонулуу мөөнөтү аяктагандан кийин 1 айдан кечиктирбестен узартылышы мүмкүн.
Бирок бүгүнкү күндө А.С. ЖЧК тарабынан убактылуу ташып келүүнүн бажы жол-жобосунун мөөнөтү узартылган эмес жана башка бажы процедурасы тандалган эмес. Ошентип, бажы төлөмдөрүнүн суммасы 1 002 433 сомду түздү.
Бул факты каттоого алынып, материалдар КР мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.
Булак: NazarNews.kg