www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында милдеттүү камсыздандыруу жүрүмүн кайра ыраатташтырууга багытталган мыйзам долбоорун толуктоо маселеси каралып жатат. Суроолорго транспорт министрлигинин өкүлү жооп берип жатат.

Бакыт Төрөбаев: “Былтыры Бишкек-Балыкчы трассалык темир жолундо 8 вагон рельстен чыгып кетти. Бул маселе боюнча бирөө жоопко тартылдыбы? Илгери СССР убагында ушундай өзгөчө кырдаал болгондо силер эртеси эле “бирдеке” болмоксуңар. Бул өзгөчө кырдаал. Эч кандай жоопкерчилигеңер жок”,-деп нааразычылыгын билдирип алды. Анда Бакыт Төрөбаев бул өзгөчө кырдаал экендигин баса белгилеп:

“Бул жолдо туристтер, жүргүнчүлөр да жүрөт. Эртең ошолор ушундай кырдаалга жүргүнчүлөр туш келсе эмне кыласыңар? Комиссия карап жатат, жыйынтыгы эртең чыгат деген бул- жоопкерчиликсиздик!”,-деп ачуусун Транспорт министрлигинин өкүлүнө бүркүп алды.

Эске сала кетсек, 2019-жылдын декабрында Балыкчы-Жел-Арык темир жол участогунда (Боом капчыгайы) сегиз жүк ташуучу вагон рельстен чыгып кеткен.

Учурда кырсыктын себептерин тактоо үчүн комиссия иштеп жатат. «Кыргыз темир жолу» ишканасынын маалыматына караганда, кырсыктан жапа чеккендер жана жабыркагандар жок.

Булак: Nazarnews.kg

Последние новости