www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында милдеттүү камсыздандыруу жүрүмүн кайра ыраатташтырууга багытталган мыйзам долбоорун толуктоо маселеси каралып жатат. Суроолорго транспорт министрлигинин өкүлү жооп берип жатат.

Депутат Азизбек Турсунбаев акыркы убакта жүргүнчүлөрдү ташыган автобустар, жеңил унаалар катышкан жол кырсыгы көп болуп жатканын айтып, кандай чаралар көрүлүп жатканын Финкөзөмөл кызматынын өкүлү  Мыктыбек Абировдон сурады.

“Ош-Бишкек, Бишкек-Кара-Кол жолунда бусиктер каттайт да, эл ташып, билесиз да. Ал жерде тажрыйбасы жок, жаңы эле права алып, жаңы эле айдап, жол кырсыгына кабылгандар аябай көп болуп жатат. Ошол эле учурда автоунаага дагы, жүргүнчүлөргө дагы чоң зыяндар келип жатат да. Ушуга кандай чара колдоносуңар”,-деп суроо узатты.

Депутаттын суроосуна Финкөзөмөл кызматынын өкүлү жол кырсыгы айдоочулардын арасынын көбүнчө таксилерде болуп жатканын айтты. Алардын камсыздандыруусу жок болгондуктан, нарколог, ИИМ менен макулдук албарын кошумчалады.

Транспорт жана жол министрлигинин статс катчысынын айтымында, таксилерге лицензия киргизүү сунушу каралып жатат.

Депутат Азизбек Турсунбаев 5 жылдык тажрыйбасы жок айдоочуларга уруксат берилбештигин айтып өттү. Ошондой эле лицензияны мыйзамга эртерээк киргизиш керектигин, эгер лицензия киргизилсе жол кырсыгы азаймактыгын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости