www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир нече күн мурда Москвада экс-президент Аскар Акаевдин уулу- Айдар Акаев акыркы сапарга узатылды. Бул тууралуу NazarNews.kg маалымат агенттигине укук коргоочу Токтайым Уметалиева билдирди. 

"8-февраль күнү Москва шаарында кыргыздын тунгуч президенти Аскар Акаевдин тун уулу Айдар Акаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев Аскар Акаевге жеке телефон чалып көңүл айтты. Беларусиянын биринчи президенти Станислав Шушкевич, Украинанын экс башчысы Л.Кравчук, КРнын экс-президенти Курманбек Бакиевдер Аскар Акаевдин үй бүлөсүнүн аза кайгысын тең бөлүштү. Бүгүнкү күнгө чейин дүйнөнүн төрт бурчунан көңүл айтуу телегра́ммалары келип жатат. Кыргызстандан экс-мамкатчы О.Ибраимов, экс-пермьер-министр Апас Жумагулов, экс-премьер-министр Н.Танаев, Болот Жанузаков, Кубанычбек Жумалиев, Болот Абилдаев, Курманбек Осмоновдор акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышышты", деди укук коргоочу.

Ага кошумча, Россиянын Кыргызстандагы элчиси Аликбек Жекшенкулов барбагандыгын айтты. Ал эми акыркы сапарга узатуу зыйнатында диаспоралардын лидерлери жана аксакалдар Айдар Акаевдин кыркылыгын мекени-Кеминде өткөрүүнү жана Аскар Акаевди Кеминге барууну сунуштады. Бирок Аскар Акаевич, “Ушундай жоопкерчиликтүү убакта бийлик кырдаалды курчутуусун каалабайм”, - деди. Аксакалдар: “Биз элдин алдында да, бийликтин алдында да жоопкерчиликти мойнубузга алабыз”, -деп айтышты. Аскар Акаев өз Мекенине кайтып келиши керек. КР Президенти Сооронбай Жээнбеков кыйын кырдаалда, Аскар Акаевге айкөлдүк кылса, кыргызда, "Султан сөөгүн кордобойт" деген сөз бар. Өткөн балит тарыхты жаап салып, биз жаңыча кадам таштап чоң ийгиликке жетип, Акаевдин билимин элге пайдаланышыбыз керек”, - деди Токтайым Уметалиева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости