www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындан ары окуучулар 11-класска чейин окууга милдеттүү

Окуучулар 2022-жылдан  тарта, 11-класска чейин окууга милдеттүү.  Бул тууралуу атайын мыйзам кабыл алынды.

Бул мыйзам келээрки жылдын 1-сентябрынан тарта күчүнө кирет. Эгерде бул мыйзамга каршы чыгып,  окубай койгондор болсо мыйзам бузган адам катары саналат.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова мыйзамдын эң негизги максаты - жаштардын билим деңгээлин жогорулатып, жаш муунга татыктуу тарбия жана билим берүү, кылмыштуу чөйрөнүн таасиринен калкалоо бир эле адамдын эмес, мамлекеттин келечегине кам көрүү экенин айтат. "Балдар 9-класстан кийин мектепти же колледжди, болбосо кесиптик-техникалык окуу жайларды тандашы керек. Орто билим алганы тууралуу күбөлүк берүү токтотулбайт. Мурда кесипке гана даярдаган колледж, лицейлер милдеттүү түрдө 10-11-класстын программасын киргизиши шарт. Ошон үчүн 2022-жылга чейин мөөнөт берилди. Май жана август айларында окуучуларды каттоого алабыз. Ошондо 9-класстан кийин мектепте каларын же кесиптик окуу жайларга тапшырарын айтышат. Андан соң сентябрда текшерүүгө алынат. Бекер жүргөн балдар аныкталса ата-энесине барабыз. Бул жаатта айыл өкмөт, социалдык кызматкерлер жана милиционерлер да иш алып барат. Окубай койгондор мыйзам бузган адам катары саналат", — деди Жусупбекова.

Белгилей кетсек, жалпы билим алууга милдеттендирген мыйзамды Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев демилгелеп чыккан.

Эске салсак, 2010-2016-жылдарга карата статистикасына ылайык, жыл сайын 9-классты 98 миң окуучу бүтүргөн.  Анын ичинен 64 миңи окуусун мектепти улантса,  21 миңи колледж жана кесиптик лицейлерге тапшырган. Ал эми, 13 миң бала жалпы же кесиптик билим алуудан баш тарткан.  Азыркы мыйзамдар боюнча 9-классты бүткөндөн кийин окубай койгондорго кийлигишүүгө эч кимдин укугу жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости