www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Сооронбай Жээнбековдун зор эмгеги - өзүнүн устаты Алмазбек Атамбаевдин, анын шылуун жан-жөкөрлөрүнүн бет пардасын сыйрып, алардын ач көз, арамза жүздөрүн ашкерелегенинде,- деди Б.Талгарбеков "Жаңы Ордо" гезитине берген маегинде. - Мамлекетти кандай ак көйнөкчөн, галстукчан бандиттер башкарып, талап-тоноп турушканын жалпы элге көрсөтө алды. Ошондой эле, Жээнбеков ыплас иштерге аралашпай, жеп ичип койду деген сөздөр артынан эрчибей, бийликте өзүн таза кармап келүүдө. Бул чындык... Өлкөнү башкарган адам үчүн мындай баа чоң ийгилик деп билем.

- Анда, эмне үчүн өлкөнүн экономикалык абалы оңолбой, элдин жашоосу жакшырбай, бийлик башындагыларга ишеним улам төмөндөп бараткан жокпу?

- Эч жаңы анализ да, сунуштарым да жок. Алты жыл мурда "Арена" гезитине берген "Атамбаев - миң жылда бир келчү кырсык" деген кенен маегимде дал учурдагы абалды жиликтеп-талдап, сунуштарды бергем. Бирок ал кезде бийликтин мансабына чексиз көөп турган Атамбаев аларды окуп, ойлонмок турсун, кийин (2016 ж.) жалган жалаа токутуп, мени 17 жылга соттотуп жибербедиби.

- Президент Жээнбеков чыныгы эл урматтаган өлкө башчысы катары тарыхта калыш үчүн кандай чечкиндүү кадамдарга баруусу керек?

- Эгер Сооронбай Жээнбеков Атамбаевдин коррупциялык иштеринин бетин ачып гана тим болбостон, анын мафиялык бандасынан эле баш тартпай, ал баштаган "көчүнөн" да чечкиндүү баш тартып, жаңы, жоопкерчиликтүү жана натыйжалуу мамлекеттик түзүлүштү, башкарууну орното алса эле тарыхта өз атын калтыра алат деген ишенимдемин. Устатынан айырмаланып, азыркы президентибиз коомчулуктун үнүн, ачуу чындыкты угуп, терең ойлонуп, жыйынтык чыгараар деп үмүт артып туралы.

Маектешкен Бекен Назаралиев

(Кыскартылып жарыяланды)

Булак: "Майдан.kg"

Последние новости