www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин 29-сентябрдагы жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жоопкерчилиги тууралуу сөз кылды. Ал кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салууга байланыштуу президент Садыр Жапаровго эле кайрыла бербей, өкмөт дагы жооп бериши керектигин айтты.
"Баткенге тажиктер кол салбай эле, парламент кол салгандай болуп өкмөт биз менен кармашып, бизге каршы сүйлөп, парламентти жаман көргөзгөнгө аракет кылып жатат. Бул жерде биз бир эле президентке кайрыла бербейли. Министрлер кабинетинин төрагасы ар бир министр үчүн жооп берет да. Ар бир министрди "ушул татыктуу, ушул тармакты жөнгө салат" деп коюп жатат. Бүгүнкү күндө министрлер акча алып кармалып жатат, камалып, иш козголуп жатат. Буга өкмөт башчы жооп бериши керекпи? Ал отставкага кетиши керек. Ошол эле Кумтөрдү жетектеп жаткан Тенгиз Бөлтүрүктү Акылбек Жапаров "бул үчүн мен жооп берем" деп отургузду эле. Бүгүнкү күндө ал киши элге маалымат бербесин деп камап отурушат", - деди Түмөнбаев.
Өкмөт башчы жана анын басма сөз кызматы бул дооматтарга аызырынча жооп бере элек.