www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Бишкектеги Кулиев көчөсүндөгү үйлөр башка нерселерге колдонулуп жатат" деп бүгүн, 26-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев билдирди.

"Бишкек шаарында канчалаган мейманканалар бош туруп, үйлөрдүн баарын мейманкана кылып алышкан. "Ош базардын" жанындагы Кулиев көчөсүн өзүнчө базар жасап алышкан. Ал жердеги үйлөр мейманкана эле эмес, башка керексиз нерселерге колдонулуп жатат. Кээ бир жерлерде үйлөрдү башка формада пайдаланып жатышат. Мейманканага келген киши жөн келбейт, жоро-жолдошторун, кыз-келиндерди ээрчитип келишет. Аларды балдар деле көрүп жатат да.

Ленин районунун акими бир канча миллион сомду алып, көчөгө видео көзөмөл жасап жатат. Ал жер үй эмес, батир эмес же сойкукана эмес. Мен ошол райондун депутатымын унаа менен өтүп көп көрөм. Чынын айтканда, ачык эле соода кылып калышкан. Ушуну жоюу керек. Милициялар аларга түздөн-түз чара колдоно албайт. Ал үчүн соттун чечими керек.

Кулиев көчөсүндө мектеп бар, башкалар бар. Алар эмне көчүп кетиши керекпи", - деди Жолдошбаев.

Жолдошбаев депутат Жанар Акаевге: "Кулиев көчөсүндөгү мейманканаларды көрсөңүз, шарттары жок, мен сизге жүрүңүз көрсөтүп келейин. Тиги жакты, бул жакты көрөлү деп айтайын", - деп айтты.

Айрым мыйзам актыларына (Турак жай кодексине, Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жатат.  Жанар Акаев долбоор башка бизнес өкүлдөрүнө ылайыкталып каралганын, депутаттардын сунушун эске алуу менен кийинки окууга толуктап алып келээрин маалымдады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости