www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин төрөгасы Марлен Маматалиев президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү боюнча “75 адамдын каты” парламентке кантип келип түшкөнү тууралуу айрым маалыматтарды ачыктаган соң, депутат Исманали Жороев катка тиешеси бар депутаттардын аттарын ачыкка чыгаруу керектигин айтты.
Төрага Маматалиев кат парламентке түшөрү алдын ала эле күтүлгөнүн белгиледи. Бардык видеокөзөмөл жазуулары текшерилген.
- Тийиштүү тапшырма берилген, кат өзүнчө сакталган. Андан кийин аны түздөн-түз төрагага жеткирүү боюнча көрсөтмө болгон. Кат каттоодон өткөндө төраганын атына жазылып, ага түз алып келинген. Андан соң тартип боюнча комитетке кароого жиберилген. Кийин Жогорку Кеңеште өзгөрүүлөр болуп, бул иштердин баары токтотулган. Бардык документтер ИИМге өткөрүлүп берилди. Тергөөнүн алкагында ким кимге кандай тапшырма берген, ким күнөөлүү экени аныкталат. Катка тиешем жок дегендер да болгон, бирок тергөө баарын тактайт деп ойлойм, - деди төрага.