www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте 15 жаштагы өспүрүм сөөк жутуп алып, кызыл өңгөчүнө тыгылып калган. Бул тууралуу Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бала 4 сантиметр өлчөмдөгү сөөктү жутуп алган. Шаардагы эки ооруканада сөөктү чыгара алышпагандыктан, бала Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына жеткирилген.
"Дарыгерлер ыкчам түрдө операция жасап, тыгылып калган сөөктү ийгиликтүү алып чыгышты. Оор абалда келген балага дароо керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, операцияга жасалды", - деп белгилешти ооруканадан.
Учурда өспүрүмдүн абалы туруктуу экени айтылды.