www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Ынтымак» партиясынан мурунку министр Алмамбет Шыкмаматов элге үгүт жүргүзүп жүрөт. Шайлоочулар ага суроо беришет. «Кайсы окуу жайын бүттүңүз эле?», «БГУ-ууу» -дейт Алмамбет Шыкмаматов, «Эч нерсе түшүнбөйт го «Алма-матерди» сурап жатабыз?», «БГУ-ууу» -дейт Алмамбет Шыкмаматов, "Жооп бербейсизби?» дешет , «БГУ-ууу»-дейт Алмамбет Шыкмаматов. БГУ –Бишкек гуманитардык университети экенин билбегендер: "Накта торпокторду депутат кылган атат окшойбуз" дешиптир.
«Ынтымак» партиясы Бишкек кеңешин алган соң катуу кадамдап баратат. Жакында жарык көргөн партиянын 11 шаарда өкүлчүлүгү бар. Бишкек кеңешине «Ынтымакты» баштап келген Марлен Маматалиев. Дагы бир мүчөсү Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов БШКдан өтө албай такалып турат.
Депутаттардын тизмеси мындай: Бакыт Тентишев, Адинай Марипова, Гульнара Ташибекова, Нурболот Мирзахмедов, Жаркынбек Касымбеков, Балбак Түлөбаев, Эрулан Көкүлов, Лейла Лурова, Чынгыз Макешов, Марина Исаева, Канат Мидин уулу жана башкалар бар.
Экс инвестиция министри Алмамбет Шыкмаматов министрлигин таштап депутаттыкка аттанган. Шыкмаматов «Ынтымак» партиясына баш кошуп ат салыша турганына караганда, бул партия күчтөнүп жатса керек. Инвестиция министри катары Ысык-Көлдө «Асман» шаарын салам деп жулунуп жаткан Алманбет мырза «Манастан Чубак кем бекен» деген лакапты «Манастан Алмамбет кем бекен?» деп буруп, бийликтеги экинин бирине айланып бараткан.
Анткени, ал Батыштын идеологиясы менен Кыргызстанды дайыма кым-куут кылып келаткан Өмүрбек Чиркешович менен тил табыша албай, партиясынан да чыгып министрликти орунду алган. Министрден бошоп парламенттик шайлоого аттанганынын себеби, парламенттик шайлоодо жеңиш менен келип жакшы орунду көздөп жаткандай. Комитет жетекчиси туурулуу деңизчи, балким спикер болор?
1 Макешов Чингиз Дуйшенкулович 06.12.1976 «Мен Кыргызстанга инвестиция кылам» долбоорунун автору
2 Маматалиев Марлен Абдырахманович 24.03.1981 Жогорку Кеңештин депутаты
3 Тентишев Бакыт Эркинович 28.08.1986 С.Тентишева атындагы Азия Мединституту
4 Исатбек кызы Аида 16.03.1991 «Нурс Мебель» ЖЧКсы Гендиректор, юрист
6 Жоробеков Тариел Улукбекович 09.05.1964 Жогорку Кеңеш Депутат
8 Мажитова Шарапаткан 24.06.1955 «Модерн Стиль» ЖЧКсы гендиректор
9 Шыкмаматов Алмамбет Насырканович 21.10.1969
10 Карыбеков Арзыбек Кенжекулович 23.07.1959 Жогорку Кеңеши Депутат
11 Акимов Абдиталип Паттаевич 12.06.1976 бизнесмен
12 Туманбаева Рада Мураталыевна 05.05.1970 Жогорку Кеңеш Депутат
13 Түлөбаев Балбак Зарлыкович 21.09.1972 экс мэр
14 Касымбеков Жаркынбек Орозбекович 19.09.1973 «Манас» университети
15 Кокулов Эрулан Калчороевич 07.03.1986 бизнесмен
16 Лурова Лейла Хияновна 28.10.1968 «LBS MILK Production» ЖЧКсы Директор
17 Турсункулов Кутман Нурланович 17.12.1991 Жогорку Кеңеш Консультант
18 Кыдыкеев Сыргак Билялович 24.09.1953 Грозденск айыл өкмөтүнүн башчысы
19 Эргешов Казыбек Кочкорович 22.04.1969 Бишкек шаардык кенеши Депутат
20 Марипова Адинай Мариповна 26.05.1993 Жогорку Кеңеш Консультант
21 Мамыров Абдырайым Мамырович 08.04.1968 Федералдык жаза аткаруу кызматы
22 Мидин уулу Канатбек 05.02.1990
23 Файзуллаев Нурилло Шукириллоевич 10.06.1988
24 Телеушева Айнура Толенбергеновна 05.05.1981 «Лав-Лайф» ЖЧКсы
25 Акаев Кылычбек Муталиевич 30.08.1983
26 Сейтказиев Замирбек Сайдакматович 26.03.1981 «Ала-Тай Строй Сервис»
27 Турусбеков Бактыбек Сагындыкович 06.04.1964 Жогорку Кеңеш Депутат
28 Ташибекова Гульнара Адыловна 01.12.1962 ЦСМ №17 башкы врач
29 Сыдыков Мурадил Жанышбекович 07.09.1979 «МС Билдинг» ЖЧКсы гендиректор
30 Дуулатов Айбек Дуулатович 27.05.1979 инспектор
31 Айтымбетов Эрнис Жамадилович 05.09.1964
32 Жунушбаева Рахат Мырзабековна 09.01.1979 «Хундай Элеваторс» ЖЧКсы гендиректор
33 Ахмедов Канатбек Абдурашидович 31.03.1983 Жогорку Кеңеш Депутат
34 Малабеков Данияр Турусбекович 22.01.1988 начальник
35 Эргешов Байгазы Анаркулович 28.01.1987 «НУР Телеком» ЖЧКсы
36 Алиева Фидан Мирзабабаевна 05.06.1983 ОсОО «Медиация жана сүйлөшүүлөр борбору» гендиректор
37 Тагаев Мыктыбек Исманалиевич 21.08.1976 проректор
38 Бакиров Таалайбек Октябревич 29.10.1977 начальник
39 Базаралиев Абдижалил Кермалиевич 11.01.1969
40 Барыктабасова Бермет Касымбековна 27.12.1969 доцент
41 Бакасов Тагайбек Самарканович 21.01.1978
42 Саттаров Рахимджан Шарипович 22.01.1970 «Милан» гендиректор
43 Калмурзаев Тимур Абдылдаевич 25.11.1967
44 Урумкалиева Чинара Чалагызовна 13.10.1973 Жогорку Кеңеш депутат
45 Дуйшембиев Улан Жолдошбекович 17.04.1977 «Ак-Босого» ЖЧКсы
46 Абдрахманов Октябрь Борисович 01.10.1967
47 Каримов Тариел Келдибекович 02.12.1967 «Мүлк» ЖЧКсы директор
48 Сыдыкова Гулбара Бектургановна 04.03.1960 Профессор
49 Крашенинникова Алена Юрьевна 16.07.1969 №2 мектеп Директор
50 Карыбекова Чолпон Абдыкалыковна 18.04.1968
51 Энназаров Мирлан Арзыкулович 16.05.1966
52 Исаева Вероника Владимировна 04.07.1986 начальник
53 Годунова Елена Владимировна 14.07.1985
54 Насыралиев Русланбек Осмонбекович 12.08.1970 «Жайыл-Ата» ЖЧКсы төрага
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg