www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 12-ноябрда Ички иштер министрлигинде 2021-жылдын 9 айындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурум өттү. Анын жыйынтыгында ички иштер министри Улан Ниязбеков милиция кызматкерлеринин алдына негизги маанилүү 14 тапшырма коюп, анын кынтыксыз аткарууну талап кылды, деп билдирди министрликтин басма сөз кызматы.
«1) Коллегияда каралган маселелердин алкагында айтылган кемчиликтер кыска мөөнөттүн ичинде жоюлсун;
2) Президентибиздин койгон 4 талабынын негизинде Ички иштер министрлиги тарабынан түзүлгөн “Иш-мерчемдин” аткарылышы биринчи жетекчилер тарабынан көзөмөлгө алынсын;
3) Ушул жылды ийгиликтүү жыйынтыктоо максатында азыртадан баштап тиешелүү иш-чаралар уюштурулуп, иштер жүргүзүлсүн;
4) Жер-жерлерде коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, эл арасында резонанс жараткан окуяларды алдын алуу үчүн профилактика иштери күчөтүлсүн;
5) Жол кыймылынын коопсуздугу, өспүрүмдөргө карата жана алар тараптан жасалган кылмыштар, алдамчылык, уурулук, үй-бүлөлүк зомбулук жана башка ушул сыяктуу элдин социалдык-турмуш тиричилик абалына терс таасирин тийгизген кылмыштар менен жоруктарга бөгөт коюу үчүн жергиликтүү мамлекеттик органдар менен бирге тыгыз байланышта иш-чаралар күчөтүлсүн;
6) Элдин арыз-даттануулары өз учурунда каралсын. Элдин кайрылууларын себепсиз создуктуруу, өз учурунда көңүл буруп карабай коюу, жарандарга орой мамиле жасоо, кызматкерлердин өз милдеттерин аткарбоо деген көрүнүштөргө жол берилбесин;
7) Элге сервистик тейлөө көрсөтүү иштери күчөтүлсүн. Жылдын аягында кайсы райондук же шаардык бөлүмдөр кандай деңгээлде сервистик тейлөө көрсөтүлгөндүгү тууралуу маселени карап, жыйынтык чыгарабыз. Ошондуктан бул маселеге өзгөчө көңүл бурулсун;
8) Санариптештирүү менен заманбап тейлөө сапатын жогорулатып, элдин жашоосуна жана коопсуздугуна терс таасирин тийгизип жаткан бардык учурларга бөгөт коюу үчүн ар бир райондук жана шаардык ички иштер бөлүмдөрү өздөрү тейлеген аймактарга, анын ичинде айылдарды бириктирген көчөлөргө, коопсуз деп эсептелген участокторго, стратегиялык маанидеги негизги жолдорго, коомдук жайларга видеокамераларды орнотуу иштери колго алынсын;
9) Адам өмүрү баарынан жогору турат. Ошондуктан, биринчи жетекчилер жеке көзөмөлгө алып, ар бир шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүндөгү милициянын аймактык инспекторлору жана Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери күнүгө эл арасына чыгып, эки багытта иш алып барышсын:
- биринчиден, жарандардын жолдо жүрүү эрежелерин сактоосу, анын ичинде мал жандыктарын көчөлөргө, стратегиялык трассаларга коё бербөө, мектеп окуучуларынын жолдон алыс жүрүүсү боюнча эл арасында пропагандалык жана профилактикалык иштер жүргүзүлсүн.
- экинчиден, элди ташуучу унаа бекеттерине барып, жүргүнчүлөр арасында жолдо жүрүү эрежелерин сактоо, айдоочулар арасында ылдамдыкты ашырбоо, мас болуп унаа айдоодон баш тартуу, жолдо абайлап жүрүү боюнча күнүгө түшүндүрүү иштери күчөтүлгөн тартипте ишке ашырылсын.
10) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоону чыңдоо үчүн 10 күндүк мөөнөттө “Комплекстүү иш-чаралар мерчеми” иштелип чыгып, Министрлер кабинетине сунушталсын. Анын ичинде автомектептердин ишмердигин күчөтүү, эл ташуучу унаалардын иштөө тартибин белгилөө, жарандарды ташуу процедураларын аныктоо, коопсуздук лицензиялык уруксат берүү тутумун ишке ашыруу жана башка ушул багыттардагы адам өмүрүнүн коопсуздугун камтыган маанилүү учурлар эске алынсын;
11) Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого байланыштуу үгүт иштери жана шайлоо учурунда коомдук тартип бузууларга, элдин добушун сатып алуу, шайлоого тоскоолдук жаратуу сыяктуу ар түрдүү чагымчыл аракеттерге жол берилбесин;
12) Шайлоого байланыштуу элге жат көрүнгөн мыйзам бузуулар боюнча ким гана болбосун ээлеген кызматына, статусуна же башка жагдайларына карабастан мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлсүн;
13) Бир дагы милиция кызматкери шайлоого жана саясатка аралашпасын. Бул талапты бардык кызматкерлерге жеткирип коюңуздар жана күнүгө болуп өтүүчү нускамаларда кызматкерлердин эсине салып туруңуздар. Кимде ким шайлоого аралаша турган болсо, ошол замат ички иштер органдарынын катарынан токтоосуз биротоло бошотулсун;
14) Кайсы бир аймакта шайлоо учурунда массалык баш аламандык же коомдук тартипти одоно бузуулар орун ала турган болсо, анда ошол аймакты тейлеген жетекчилер андан ары кызматтан кете берсеңиздер болот. Ошондуктан, күнүгө эл арасына чыгып, профилактика иштерин жүргүзүп, шайлоону тынч өткөрүү боюнча иш-чаралар күчөтүлсүн», - деди министр.
Булак: NazarNews.kg