www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин айрым депутаттары кыргыз өкмөтүн азык-түлүк жана башка товарлардын кескин кымбаттоосуна каршы чараларын угуу үчүн парламентке чакырышты. Алардын бири депутат Акыл Кемелов 24-марттагы парламент жыйынында өкмөт башчы Улукбек Мариповду сындап, өкмөттү элге маалымат берүүсүн талап кылды.
“Өкмөттүн отчётун угалы, эл талап кылып жатат. Өкмөт башчы аким менен айыл өкмөттү “таштанды чыгарбайсың” деп урушуп жүрөт. Азыр эмне таштанды үчүн уруша турчу мезгилби? Өкмөттүк саат өткөрүп угалы”, - деди депутат.
Расмий маалыматка караганда, СOVID-19 илдетине байланыштуу чектөөлөрдөн улам бир жыл ичинде Кыргызстандын ички дүң продукциясы 8,6% төмөндөп кетти.
Өлкөдө соңку айларда дээрлик бардык тармактарда кымбаттоо болууда. Азык-түлүктүн, күйүүчү майдын жана башка товарлардын баасы кескин өстү. Расмий түрдө жалпы инфляция 9,7% делгени менен айрым товарлар 50% чейин кымбаттады.
Булак: NazarNews.kg