www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мэриянын атын жамынып акча чогулткандар кимдер?

Бишкек мэриясы калаа тургундарын алдамчылардан сак болууга чакырды.

Маалыматка караганда, шаар тургундары менен мектеп директорлорунун соцтармактагы баракчаларына жана мессенджерлерине муниципалитеттин жетекчилери делген адамдардан акча которууну суранган (техника алууга, гуманитардык жардам көрсөтүүгө) каттар түшкөн учурлар кездешкени маалым болгон.

«Урматтуу кыргызстандыктар! Бишкек мэриясы мындай жол менен эч качан каражат топтобойт. Шаардык кызматтын жетекчилери менен кызматкерлери мыйзамдын алкагында иштешет. Муниципалитеттин бир дагы өкүлү мындай каттарды жолдобойт», — дешти мэриянын маалымат кызматынан.

Шаар бийлиги жарандарды алдамчылардын сак болууга, маалыматтарды расмий булактардан тактоого чакырды.

Алдамчылык фактысы катталган учурда милицияга же Бишкек мэриясынын коррупция менен күрөшүү секторуна 0(312) 610 775 номери аркылуу кайрылууга болот.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости