www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин 5-марттагы жыйынында депутат Улукбек Карыбек уулу менен төраганын биринчи орун басары Медербек Алиев кайым айтыша кетти. Жыйындын башында Карыбек уулу парламенттин чыгарган мыйзамдары тууралуу кайрылуу жасап, кабыл алынган документтердин пайда-зыянын талдап турган институт ачууну сунуштады.
Алиев Карыбек уулунун демилгесин кубаттап, мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн депутаттардын тажрыйбасы болушу керектигин айтып какшыктады.
"Жогорку Кеңеш мыйзамдарды жөн эле кабыл албастан, алардын аткарылышын көзөмөлдөшүбүз керек. Ал үчүн депутаттар эң башында билимдүү, мамлекеттик кызматтан тажрыйбабыз болушу керек, төрөтканаларда чуркап жүрө бербестен", - деп Улукбек Карыбек уулун мыскылга алды.
Медер Алиевдин бул пикирин Карыбек уулу жоопсуз калтырган жок.
"Сүзмөдөй сүзүлүп, сүйлөсөмбү-сүйлөбөсөмбү же мамлекеттик кызматта Кыргызстанда жападан жалгыз мен гана билимдүүмүн, кыйынмын, менден башканын баары келесоо, акмак деп өзүнөн башканы тоготпогон мамлекеттик кызматкерлер жөнүндө дагы белгилеп коюшубуз керек. Анткени алар канчалык эмгек жасады, анын баарына коом күбө болуп турат. Ар бир мамлекеттик кызматкер, анын ичинде депутаттар, өзгөчө жоопкерчиликтүү кызматта отурган өкүлдөр ошону сезишибиз керек", - деп Алиевдин өзүн кыйытып сынга алды.
Кийинчерээк, экөөнү төрага Марлен Маматалиев элдештиргени айтылды.