www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

                         19

Туристбек деген депутат

Турция десе мен деген.

Саякат десе сандалып

Сапардан кайтып келбеген.

Круиз десе мен деген

Курорт десе куркулдап

Кезекти эч бир бербеген.

Путевка болсо болду го

Иши жок анын эл менен.

                        20

Бойдокбек деген депутат

Болтоюп дайым отурат.

Издейт дайым түгөйүн

Интернет жакты чокулап.

Эротика, сексти

Эрмектеп дайым «охулап».

Калбай анын артынан

Кыздар жүрөт топурап.

Көз тойбойт экен го

Көрмөйүнчө топурак.

 

                   21

Кайырбек деген депутат

Кайрымдуулук жок экен.

Көрсө үй-бүлөсүнүн

Курсагы абдан ток экен.

Түгөлдөп катып дүйнөсүн

Эт жейт эптеп курттаган.

Итке да бербей шорпосун

Калтырбай тамчы ууртаган.

Бекер акча деп койсо

Бээжинге чейин чуркаган.

                       22

Чукутай  деген депутат

Чукуса анын катасын.

«Чумосуң өзүң» -деп туруп

Көтөрүп чабат атасын.

Ыргытып бетке акчасын,

Банк жактан алган пачкасын.

«Сүйүктүм мама»- деп коюп

Сүздүрүп токтойт «тачкасын».

Кокустан ал да сын айтса

Төбөнү көздөй түз эле

Ыргытып ийет папкасын.

“Бийлик жакта тургандар, төө мингенсийт, бийлиги жок туугандар, жөө жүргөнсүйт”

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости