www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын мурунку президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултан Назарбаев социалдык тармактагы баракчасына сенсациялык ачылыштарды ар дайым жасап келгени менен белгилүү.
"Менин апам таятамды кайырмакка илген, анткени мен анын уулумун" деп жазып чыккан Айсултан. Бул жолкусунда, “Нурсултан Назарбаев мени өч алууну каалап жаткан апамдын колуна берди. Россиянын Орел шаарындагы абакта мыйзамсыз 12 ай жаттым. Акыркы 5 жыл мен үчүн боз түскө боелгондой. Ошол себептен мен Улуу Британиядан саясий башпаанек сурадым”- деп өздүк баракчасына жазып чыкты.
“Бул жолу мени кармап, психотропртук заттарды сайышты. Андан соң дарылансын деген шылтоо менен абакка жиберишти. Ал жерде 14 ай болдум.
Менин укуктарым тебеленди. А Нурсултан Назарбаев мени өч алууну каалап жаткан апамдын колуна берди. Россиянын Орел шаарындагы абакта мыйзамсыз 12 ай жаттым. Андан соң менин апам келип, дагы деле баш ийбей турганымды көрүп турганын айткан.
Жыйынтыгында мен абакта калдым, ал кетти. Ал мен ага баш иймейинчи абакта каларымды билдирген. Жек көрүү сезими, өч алуу үчүн 14 ай чыдадым. Алнуру Мусаева, россиялык атайын кызматтагылар ал жерден мени чыгарышты.
Жада калса убагында мен жардам берип жүргөн кайын атам Кайрат Боранбаев кетип калды. Алматыга келгенде Нурсултан Назарбаев менен мамилемди кайра апам бузду"-деп жазып чыкты.
Эске салсак, Айсултан көп жылдан бери баңгизатын колдонуп келери белгилүү. Былтыр ал Лондондогу өзү жашаган мейманкананын балконунан секирүүгө аракет кылып, полиция кызматкерлери сактап калган.
Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаева Рахат Алиевге турмушка чыгып, Нурали, Айсултан аттуу 2 уул, Венера деген кыздуу болушкан. Рахат Алиев кайнатасы Нурсултан Назарбаевди сындап баштагандан кийин анын үстүнөн адамды уурдоо жана башка кылмыштар боюнча иш козголуп, Алиев Европага качууга үлгүргөн. Акыры ал Австрияда колго түшүп, соттолгон. 2015-жылы Алиевдин жансыз денеси камерада асынган абалда табылган.
Булак: NazarNews.kg