www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

  БШК, УКМК, ИИМ, МКК, прокуратура ал тургай депутаттар да шаардагы элдин каттоого туруусу жөнүндө ойлонушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында сөз болду. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматында Ош, Чүй, Ысык-Көл областтарынын шаарларында шаардык каттоого тургандардын саны кескин өскөн. Мисалы, Ош шаарында 2019-жылы 36 миң 35 киши, Токмокто 9 миң 220, Караколдо 5 миң киши каттоого турган.             

2020-жылдын жарым жылдыгында(1-январдан 11-февралга чейин) Ошто 33 миң 805, Токмокто 6 миң 960, Караколдо 2 миң 798 тургун каттоого турган. Көрүнүп тургандай 2019-жылда катталган кишилер менен 2020-жылдын жарым жылдыгында катталган тургундардын саны менен бирдей болуп чыкты.                                                                                      Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоодогу көз боёмочулукка жол берилбеши керектиги үчүн бир канча убактан бери бир жерде туруктуу жашаган кишилердин гана добушу эсептөөнү сунушташты. Бул маселе боюнча БШКнын төрайымы “шайлоочулардын укугуна каршы келээрин” билдирди.

Эске сала кетсек, Президент Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо күнүн белгилөө боюнча Жарлыкка кол койду. Ага ылайык Ош, Каракол жана Токмок шаардык кеңешине шайлоо ушул жылдын 12-апрелинде өтөт. Мындан сырткары, дагы бир нече айылдык, шаардык кеңештердин курамы алмашат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости