www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын ММА профессионалдык лигасынын президенти Дилшат Нажмидинов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 28-ноябрьда өтүүчү шайлоого аттанып жаткан себептеринин негизин белгилеп кетти.

Биринчиден Кыргыз элимдин көптөгөн көйгөйлөрүн көрүп туруп четте тура албаганын билдирди. Мисалы айтса билим берүү, спорт, саламаттык сактоо ж.б. жөнөкөй кем багал жашоо турмушта жашап келген калкыбыздын маселелерин чечишүүгө жана аларды колдоо болду.

Айрыкча эң көйгөйлүү маселелердин бири өкмөт тараптан эч жардам көрсөтүлбөгөн үч маселе. Бул биринчиден төмөндөгүдөй айтып кеткендей жергиликтүү өз алдынча башкаруу башкармалыгын өнүктүрүү. Көпчүлүк алыскы региондогу айылдарында мектеп, ФАП, спорт комплекс ж.б. ушуга окшогон калктын биринчи зарылчылыгы жөнүндөгү маселени чечүү керектиги.

Экинчиси региондогу спортчулардын жана спортко кызыгып келе жаткан жаш муундардын кызыгуусун жана алардын эмгектерин спорт жаатында колдоо жана өнүктүрүү менен тиешелүү КРнын мыйзамдарына жана токтом иштеп чыгуу.

Мисалы айтсак спортчуларга стимул болуш үчүн 16 жаштан - 30 жашка чейинки спортчударга атайын категорияларына стипендия менен камсыз кылышыбыз керек, спортчуларыбыздын тажрыйбасын теке кетирбешибиз керек, ал үчүн 35 жаштан кийинки спортчуларыбызга пособие төлөө зарылдыгын жөнүндө каралышы керек. Бунун баардыгы спортчуларга көптөгөн медальдарын жетишине стимул болот.

3. Кийинки маселе бул КРнын ички иштер органдары жөнүндөгү мыйзамга толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү. Бул ички иштер органдарынын ишинде иштеген кызматкерлерине социалдык жактан коргоо жана көмөк көрсөтүү.

Мисалы айтканда милиция кызматкерлерин ар кандай курук дооматтардан коргоо. Анткени өз кызматын ак ниеттен аткарып бир кылмыш ачылаарда ал ишти жабыш үчүн төмөндөн тапшырма түшүп өздөрүн кайра кылмышкер кылып жатат. Ошондой эле ГАИ кызмат абалында тоскоолчулук жаратып протокол жаздырбай пара сунуштап кызматкерлерин күнөөлөшөт.

Мына ушул маселелердин баарын чечүү үчүн Жогорку Кеңешинин депутаттыгына аттанып жатканын билдирди. Элим жерим деген мекенчил эр сакчыларына кордобой колдошубуз керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости