www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

13-октябрда тажик оппозициясынын бозгундагы тарапташтары Европа биримдигинин (ЕБ) Варшавадагы өкүлчүлүгүнүн алдында президент Эмомали Рахмондун Бельгияга жана Францияга жасаган сапарына каршы нааразылык акциясын өткөрүштү.

Алар колдоруна "Рахмон диктатор" жана "Авторитардык өлкөнүн башчысы" деген жазууларды кармап, тажик бийлигин кыйноолорду токтотууга жана саясий негиздер менен камалгандарды эркиндикке чыгарууга чакырышты.

Күн мурун Эмомали Рахмондун Европадагы сапарына каршы нааразылык акциясы Литванын баш калаасы Вильнюс шаарында да өткөн. Анда бул өлкөдө башпаанек алган тажик бийлигинин каршылаштары чогулган.

Рахмон Бельгиядагы расмий сапары аяктагандан кийин 12-октябрда Парижге барып, 13-октябрда Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен жолуккан. Анда лидерлер Ооганстандагы оор саясий жана гуманитардык абалга өзгөчө көңүл бурушкан.

Тажик президентинин басма сөз кызматы кабарлагандай, Эмомали Рахмон Ооганстандагы абалды жөнгө салуу боюнча Душанбенин туруктуу позициясын дагы бир жолу кайталап, коңшу өлкөдө коопсуздуктун сакталышы жалпы аймактагы, анын ичинде Тажикстандагы туруктуулуктун маанилүү фактору экенин белгиледи.

Эмомали Рахмон Европага барардын алдында Тажикстандагы саясий туткундарды коргоо комитети Европаламенттин жетекчилигине кайрылып, оппозициянын алты талабын тажик президентине жеткирүүнү өтүнгөн. Укук коргоочулар Европа биримдигинен Рахмонду саясий туткундарды куугунтуктоону токтотууга, аларды түрмөдөн бошотууга, саясий партиялардын эркин иштөөсүнө уруксат берүүгө, ооган качкындарын өлкөгө киргизүүгө чакырууну өтүнүшкөн.

Эмомали Рахмондун Европа өлкөлөрүндөгү расмий сапары 14-октябрга чейин уланат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости