www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин отурумунда, Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманова Кыргызстан "Центеррага" каршы соттук териштирүүлөрдүн бардыгын, анын ичинде арбитражды да утуп алаарын билдирди.

--"Дүйнөдө таштанды мөңгүлөрдө сакталат деген нерсе жок". Демек, "Центерра" өзүн жаман ниет менен алып жүрөт. Бул көйгөйлөр жөнүндө 2012-жылы дагы сүйлөшкөнбүз, бирок буга тийиштүү көңүл бурулган эмес. "Центеррага" каршы соттук териштирүүлөрдө биз жеңишке жетишебиз деп белгилеп кетким келет", - дейт Кутманова. 

Ал арада "Кумтөр" боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы, депутат Акылбек Жапаров сот ишин толугу менен аяктоо үчүн аталган комиссиянын ишин күзгө чейин узартууну суранды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости