www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«1925-27-жылдагы карта боюнча Мургаб менен Жерге-Тал биздин жер» - деди "Жаңы ОРДО" гезитине экс-министр Бекболот Талгарбеков.
Биз Мургаб менен Жерге-Талды «кайтарып алабыз» деп маселе койгонубуз юридикалык жактан туура эмес. Себеби ал биздин жерлер. Өзүбүздүн жерди «кайтарып алабыз» дебей, ал жерлерибизди эми «өзүбүз пайдаланабыз» деп айтканыбыз туура.
Тарыхый жактан алганда дагы, 1925-27-жылдагы карта боюнча караганда дагы Мургаб менен Жерге-Тал кыргыздын жерлери. Бир гана жагы, мына дээрлик бир кылым аларды Тажикстан бекер колдонуп келе жатат. Мына ушул өңүттөн алып, Жогорку Кеңеш алдыдагы он жылдык мөөнөткө биздин жерлерге ижара акысын төлөө боюнча Тажикстанга эскертип, расмий чечим кабыл алышы зарыл. Ал аралыкта тажиктер өздөрүнө керектүү нерселерин чыгарып кетсе болот. Мүмкүн мектептерди, чек-ара постторун бузуп кетишээр, ага убакыт берилиши кажет. Балким, жашап жатышкан тажиктер көчүп кетебиз деши мүмкүн, аларга да тандоо укугу берилиши шарт. Демек, он жылдан кийин өзүбүздүн жерлерди факт жүзүндө кайтарып алабыз.
Алсак, дүйнөдө мындай практика бар. Мисалы, Кытай мамлекети Гонконг жана Тайванды 99 жылга ижарага берген, ижара мөөнөтү бүткөндөн кийин кайра өзүнө алды. Биз да ошондой практиканы колдонуп, он жылдан кийин Мургаб менен Жерге-Талды өзүбүзгө биротоло, факт жүзүндө алышыбыз керек. Кыргыз элине, өлкөсүнө далай кас иштерди жасашкан, «чимкирик» аталышкан депутаттар жок дегенде кетээр алдында кыргыз мамлекети үчүн бир маанилүү, пайдалуу иш жасап кетишээр деп үмүт кылалы.
Булак: NazarNews.kg