www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Урматтуу Динара Турдумаматова, Рузана Кулмаматова, Гульнур Жапаркулова Сиздердин бүгүнкү 8-март Аялдардын эл аралык майрамыңыздар менен куттуктайбыз.
Ар дайым Эл үчүн иштеп, элдин таламын жактаган кыргыздын кыраан кыздары болуп журтубузга сыймык алып келиңиздер! Таразадай тактыктан адашпай, тең салмактуу чечим кабыл алып, кабагын бүркөп келген калкка жардам берип, элдин оор жүгүн жеңилдетип жүрө бериңиздер.
Эне мээрими, сабырдуулугу жана айкөлдүгү ар бирибиздин жүрөгүбүздөн жылуу түнөк таап, демибизге дем, күчүбүзгө күч кошуп, турмуштагы бардык кыйынчылыктарды жеңип, улам жаңы бийиктиктерди багындырыңыздар!
Кыргызстан аялдары – биздин сыймыгыбыз, улутубуздун көөнөрбөс кенчи. Сиздер – үйдүн куту гана эмес, мамлекетибиздин таянычы жана коомубуздун тирегисиздер.
Жайнагүл Турдуева, Ош шаарынын тургуну