www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ошентип Борбордук шайлоо комиссиясы 7-марттагы отурумунда кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону, Ош шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов мандат алды. Маалыматтарга таянсак Атазов «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы мүчөлөрүнүн ордуна келген.
Эске сала кетсек Шайлообек Атазов Кыргызстанда эң мыкты патриот жигиттеринин бири. Атазов мекенин сүйгөн, эли үчүн күйгөн, Кыргызстандын желеген дүйнө жүзүнө тааныткан чыгаандардын бири.
Учурда Жогорку Кеңешке Атазовго окшогон чындыкты тартынбай беткен айткан инсандар керек экендиги айдан-ачык. Эми Шайлообек Атазов буга чейин менмин деген атаандаштарынын далысын жерге тийгизип дүйнөгө таанылса, мындан ары ЖКдагы ээрчиме, эки жүздүү саясатчылардын жүзүн жерге тийгизет деген толук ишенимдебиз.
Шайлообек мырза, саясатка болгон кадамыңыз аруу жана узак болсун!
Эске сала кетсек, Атазов Шайлообек Карыбекович 1979-жылы 28-июнда Ош облусунун Кара-Суу районунун Учар айылында туулган.
Эки жогорку билимдин ээси, депутаттык тажрыйбасы бар жана спорт тармагында аты белгилүү кыргыздын патриот жигиттеринин бири.
Шайлообек Атазов спорттун мыктысы катары таанымал. Спортто жараткан ийгиликтери арбын. Ал КРнын Дене тарбия жана спортунун отличниги. Кикбоксинг боюнча Дүйнөнүн, Бокс боюнча Кыргызстандын чемпиону. Бир нече Эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү. Соңку он жылдан бери спорт тармагында машыктыруучу катары жаш улан-кыздарды машыктырып, дүйнө чемпионаттарына чыгарып келет.
Ш.Атазов спортто гана эмес, саясатта да өзүн көрсөткөн жигит.
2010-2012-жылдары жана 2011-2015-жылдары Ош шаардык кеңешинин эки жолу депутаты болуп, жемиштүү иштеди, өзүн көргөздү.
2015-жылы “Ата Мекен” партиясынын катарында парламенттик шайлоого аттанган.
Кесиби: юрист жана финансист. 1996-2001-жж. Ош Технологиялык университетин “Юриспруденция” адистиги боюнча, 2014-2017жж. Ош Мамлекеттик университетин “Финансы жана кредит” адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолун 2007-жылы Ош шаарында Спорт боюнча комитеттин алдындагы №2 ДЮСШ директорлугунан баштаган.
2010-ж. Бокс жана оор отлетика боюнча спорт мектебинин директору
2011-ж. Автопарк боюнча дирекциянын директору
2012-ж. “Ош-Тазалык” МИнын жетекчиси
2013-2014-жж. Жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорт агенттигин директору
2010-2015-жылдар аралыгында Ош шаардык кеңешинде эки мөөнөт депутат болгон.
2018-жылдан бери карай Бишкек шаарындагы “Ерем” спорт клубунун башкы тренери болуп иштеп келет.
Мамлекеттик жана ведомстволордон алган сыйлыктары:
2004-2006-2008-2012 – жж. Ош шаардык мэриясынын Ардак грамотасын;
2005 – ж. Жаштар саясатын өнүктүрүүдөгү салымы үчүн Ош обл.администрациясынын Ардак грамотасын;
2006 – ж. Кара-Суу районунун “Жылдын адамы” аталган.
2008 – ж. Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын, Өкмөттүн алдындагы ФКиСпорт агентигинин Ардак грамотасынын ээси;
Ошол эле 2008 – ж. КРнын Дене тарбия жана спортунун отличнигин алган.
2011 – ж. Мусулмандар Дин башкармалыгынын Ардак грамотасын;
2014 – ж. Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасын;
2014 – Ош шаардык кеңешинин Ардак грамотасына, ж.б. сыйлыктарга татыган.
Шайлообек Атазов адамгерчиликтүү, жумушуна так, жоопкерчиликтүү мамиле кыла билет. Коомдук иштерге активдүү катышат. Мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иш алып баруу – анын башкы максаты.
Үй-бүлөлүү.
Булак: NazarNews.kg