www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мен бул парламентке ишенбейм! Бул парламент эки президенттин башын жуткан. Мындай пикирди саясий талдоочу Табылды Акеров билдирди.
--“Жогорку Кеңеште талкуу болуп жаткан конституциянын жаңы долбооруна каршымын. Кыргызстан парламенттик республика болушу керек. Себеби, 30 жылдан бери кландык өлкөдө жашадык. Бийликке келген ар бир президенттердин башкаруусунда болдук. Бийликти атадан балага калтырып кетүү аракеттер болду. Ар бири ар кандай мүнөздө колдонушту. Дүйнө коомчулук бул боюнча карап, байкап турушту. Андыктан Кыргызстанда бийлик тышкы чөйрө менен баарлашуу өтө жаман болуп жатат. Бүгүнкү күндө бизди дүйнөдөгү көптөгөн мамлекеттер жана саясатчылар аңдап турушат. Чоң жоопкерчиликти бир адам мойнуна алууга болбойт. Кыргызстан парлменттик башкаруу болсо, жоопкерчилик күчөтүлөт. Азыркы 80 депутат өлкөнү туңгуюкка салышыууда. Бул парламент эки президенттин башын жуткан. Эми Садыр Жапаровду дагы аңга түрткөнү жатышат. Мен бул парламентке ишенбейм. Мен азыркы конституциядан өлкөнүн, балдарыбыздын келечегин көрбөйм. Андыктан азыркы депутаттар бул Баш мыйзамды кабыл алуудан баш тарткыла. Эл шайлаган парламенттин деңгээли төмөн болуп жатат. Кеч болуп кала электе оюңардан кайтыңыздар. Парламент конституцялык кеңештен жогору турат. Тилекке каршы азыркы депутаттар бул конституцялык кеңештен төмөн болуп калды. Эптеп эле кабыл алып берүүнү көздөп жатышат. Бул өтө кооптуу, ушунун айынан эки президент кулады. Өлкөдө туруктуулук болбой жатат. Президенттик башкарууда башка өлкөлөрдүн таасири күчөйт. Мисалы, АКШга окшогон мамлекеттер ички саясатка аралашып жатат. Жакында эле Райымбек Матриомовго каршы пикирлерин айтышты. Ошону менен катар Камчы Көлбаев боюнча катуу талаптарды койду. Мындай көрүнүш, аракеттер дагы уланышы мүмкүн. Бул сыяктуу кадамдар Сооронбай Жээнбековдун убагында эле башталган. Азыр Садыр Жапаровдун учурунда дагы уланууда. Автор болгон 80 депутатка санкция кириши мүмкүн. Эгер мындай болсо Кыргызстанга бир дагы инвестор келбейт. Балким, коңшу өлкөлөр менен гана алака түзүп, жашап калганга туура келет. Ошондуктан азыркы бийликке кайрылам, азыркы кадамдардан баш тартып, парламенттик республика кылгыла”, - дейт Акеров.
Булак: NazarNews.kg