www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурдагы Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаттарына карата коомдо сын-пикирлер абдан көп. Бул чакырылыштын депутаттары өз милдеттерин аткара алышпай, президент Садыр Жапаровдун кол жоолугуна айланышып, кадыры калган жок. Казино мыйзамынын кабыл алышканы, Кемпир-Абадды Өзбекстанга өткөрүп беришкени аркылуу элдин назарынан биротоло калышты. Мындай абал өз кезегинде Жогорку Кеңештин аброюна көлөкө түшүрүп, парламент өз милдетин аткарууда алсыздык кылып, президенттин көзүн караган шалга айландырды. 

Элибизде көч башы кайда барса аягы ошол жакка барат дегендей, өздөрүнүн функционалдуу милдеттерин аткара алышпай жалтаңдык, чабалдык кылып жатышкан депутаттардын көч баштаган лидерлери кимдер деген суроо жаралат? Биз мына ушул 7-чакырылыштын лидерлеринин чама-чаркы кандай экенине кезеги менен саресеп салып көрөлү. Андыктан депутат  Нуржигит Кадырбеков тууралуу учкай кеп.

Динчил Нуржигит Кадырбеков

Жалаң дин жолундагылар колдоп, Жогорку Кеңештин босогосун аттаган «Ыйман нуру» партиясы 5 мандатка ээ болду. Фракция лидери Нуржигит Кадырбеков билимдүү, чечен. Дааватты катырат. Сооронбай Жээнбековго илме-чалма туугандыгы бар. Бул жигитти деле Алмазбек Атамбаев жетелеп жүрүп телчиктирди. «Ыйман» фондуна директор кылып, дин тармагына бөлүнгөн каражатты тейлетти. Кийин Маданият министри болууга үлгүрдү.

Ыйман жолундагы такыбалардын бири. Динди бекем кармагандардын колдоосу аркылуу Жогорку Кеңешке келе алаарын эрте аңдап, «Ыйман нуру» деген партияны жетектеп саясатка кирди. Негизи биздин өлкө светтик болгондуктан, динге кызмат кылып, дин менен тыгыз байланышкан саясий топторду, уюмдарды, бирикмелерди мамлекеттик ишке аралаштырбаш керек эле. Борбордук шайлоо комиссиясы ушул маселеге олуттуу маани бербей, чоң каталыкка жол берди.

Албетте, Нуржигит азыркы лидерлердин арасында мекен, жер-суу маселесине келгенде элдин таламын талашкан позициясын карманып, коомчулукта колдоого ээ болуп жатат. Бул сапаты алкоого арзыйт. Бирок, динге ашыкча ыктап, даваат айтканды азайтышы керек. Бийликке катуу деле каршы чыккан оппозиция эмес. Ошол эле кезде, такыр эле ичи-койнуна кирип кетпей аралыкты сактап саясат жүргүзүп келет.

Азырынча басыгы жаман эмес. Бирок динге өтө эле берилгени чочутпай койбойт. Мына ушул жерде кооптуулук бар. Айтайын дегенибиз, Нуржигит мырза динге ашкере көңүл бурбай, мыйзамга маани берсе алыска барат. Болбосо, аксайт.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости