www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвада Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна (ЖККУ) кирген өлкөлөрдүн тургундары кайрадан Украина менен согушка катышуу үчүн армия келишимин түзүүгө чакырылды. Бул тууралуу Sota Telegram-каналы жазды.

Алсак, 19-декабрда “Выхино” метросунун жанында Кыргызстан, Армения, Беларусь, Казакстан жана Тажикстандын жарандарын орус армиясынын катарына Украинадагы согушка катышууга чакырган баракчалар таратылган.

Аларда «атайын операциянын» келечектеги катышуучусу «фашисттерге биргелешип каршы турууга», «баа жеткис аскердик тажрыйбага ээ болууга», «Россиянын баатыры болууга», «жакшылык тарапта тарыхта калууга» жана «Улуу Россиянын жана дос республикалардын элдеринин кайра жаралышына түздөн-түз катышкыла», - деп жазылган.

"Жаран Орусиянын Украинадагы атайын аскердик операциясын колдобосо, Украинадагы нацисттик режимди колдобосо же орус армиясын жаманатты кылган видео, постторду тартып, таратса, талапкер деп эсептелбейт" деп айтылат кайрылууда.

Эске салсак, буга чейин мигранттарды орус армиясына чакыруу чакырыктары Москванын автобустарынан берилген. Өзбек, кыргыз жана тажик тилдериндеги билдирүүлөр Сахарово миграциялык борборунун жетекчилигинин өтүнүчү менен эки айлык мөөнөткө жайгаштырылган, бирок учурда алар эфирден алынып салынган.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости