www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Япониянын түштүгүндөгү Тохоку аймагындагы Ниигата префектурасында катуу суук болуп, рекорддук кар жаады. Кээ бир жерлерде кардын бийиктиги 2 метрден ашканын NHK телеканалы билдирди.

Метеорологдордун маалыматы боюнча, дүйшөмбү күнү саат 17:00гө карата жааган кардын бийиктиги Ямагата префектурасынын Окура айылында 2,2 метрге жакын, Ниигата шаарындагы Уонума шаарында 1,8 метрден ашкан. Бир катар шаарларда күн сайын кардын жаашы боюнча рекорддор жаңыланууда дейт маалыматта. 

Ошондой эле, Япониянын метеорология агенттиги аймакта кар жаашы улана турганын эскертип, жол кыймылынын үзгүлтүккө учурашы жана башка маселелерден улам тургундарды сак болууга чакырат. 16 миңден ашуун үй электр чубалгыларынын үзүлүшүнөн улам жарыксыз калды.

Кар шейшембиге чейин, негизинен Япониянын түндүгүнөн батышына карай Япония деңизинин жээгинде жаашы күтүлөт.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости