www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде «Йакын-Инкар» диний-экстремисттик кыймылынын лидери жана 9 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында буга чейин Баткен жана Кызыл-Кыя шаарында, Баткен жана Кадамжай райондорунда «Йакын-Инкар» диний-экстремисттик кыймылынын мүчөлөрүнө карата бир катар тинтүү иштери жүргүзүлдү.

"Тинтүүнүн жүрүшүндө экстремисттик топтун 1983-жылы туулган И.З.А. аттуу лидери жана 9 мүчөсү кармалды.

Кадамжай райондук сотунун чечими менен И.З.А. жана анын жакын өнөктөшү И.И.К. күнөөлүү деп табылып, өкүм чыгарылды. Ал эми диний-экстремисттик кыймылдын калган мүчөлөрүнө карата кылмыш иштери өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, Баткен облусу боюнча «Йакын-Инкар» диний-экстремисттик кыймылынын мүчөлөрүнүн активдүүлүгүн азайтуу максатында аталган кыймылдын 12 мүчөсүнө УКМК тарабынан расмий эскертүүлөр берилип, жыйынтыгында алар радикалдык-экстремисттик идеологиянын зыяндуулугун толук түшүнүшүп, мындан ары бул тыюу салынган уюмга мүчө болуудан ыктыярдуу түрдө баш тартышты.

Последние новости