www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Балдарын эмдетүүдөн баш тарткан жарандардын саны 50% чейин кыскарганы кабарланды. Бул тууралуу республикалык иммуннопрофилактика борборунун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова бүгүн, 9-ноябрда маалымат жыйында билдирди.
"2016-жылы диний ишеними боюнча балдарын эмдетүүдөн баш тарткан жарандардын саны 70% чейин өскөн. 2021-жылкы көрсөткүч боюнча эмдөөдөн баш тарткандар 50% чейин түштү. Бул диний мекемелер менен чогуу жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы", - деди ал.
Адистин айтымында, акыркы жылдары диний ишениминен эмес, вакцинанын коопсуздугунан чочулап, балдарын эмдетүүдөн баш тарткандар көбөйүүдө. Булардын ичинде 10% ички мигранттар, алар маалыматы жоктугунан улам эмдөөдөн баш тартышкан.
Республикалык иммуннопрофилактика борборунун маалыматына караганда жыл сайын балдарын эмдетүүдөн баш тарткан учурлар 8 миңге чамалайт.
Булак: NazarNews.kg