www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдө диний кырдаал кооптуу деңгээлге жетип калганы барган сайын айкын көрүнүп жатат. Тиешелүү укук коргоо органдары бул маселеге олуттуу маани берип, алдын-ала профилактикалык иштерди жүргүзбөсө кийин кеч болот. 

Дегенибиз, мына кыргыздын чыгаан кыздарынын бири, поэзиянын белдүү өкүлү, акын, кыргыз маданиятына эмгек сиӊирген ишмер Гүлжамила Шакирова эжебиздин көзү өтүп, 3-4 күн мурун акыретке узады. 

Өлүм улук делет. Ким качан акыретке узайт Жараткандан башка эч ким билбейт. Мына ушул өлүмдөн диний кастыкты козутуп, улуттун баалуулуктарына, наркына балта чапкан ашынган динчилдердин оозунан ак ит кирип, кара ит чыкты. 

Эжекенин сөөгү муздай электе келекеле кылган чагымчыл, улут аралык, диний кастыкты козутуп, бир кыргыз элин мусулман, ал теңирчи, жан азасы окулбаш керек дегенге чейин жетишти. Түшүнгөн адамга бул өтө чоң кооптуу коңгуроо. 

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевден радикалдашкан элди жикке бөлгөн, кыргыз элинин ортосуна чок таштап, жарандык жаңжалды тутантуу аракетин көргөн динчилдерди кармап жоопко тартышын жалпы коомчулук суранат. Антпесе, өлкөнүн эртеңкиси караңгы дегендик!

Кыргызстанда дин тутуу эркиндиги бар, бирок маркумду кордоо - кылмыш! Канча күндөн бери эженин сүрөтү соцтармактагы лентанын бетинен түшпөй, динчилдердин айтпаганы калган жок. 

Урматтуу Садыр Нургожоевич, Камчыбек Кыдыршаевич, сиздерден кыргыз эли баарылап суранып, талап кылат, маркумду келеке кылгандар Жараткандын оозунан түшкөндөр болушса дагы жоопко тартылсын. 

Жараткандын отдел кадрындай болгон алардын бирөө каза болсо "ал андай болчу, тозоко барат, бул мындай болчу бейишке кирет" деп жаназасына кийлигишкенге кандай укугу, акысы бар? Ушул коркунучтуу абалды токтотуу зарыл. Баарыбыз акыретке кайтуучубуз. Акыретте кимди эмне күтөт, бир Жараткандан башка эч ким билбейт.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 24-беренесине ылайык, эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этностук таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча басмырланышы мүмкүн эмес. 

Эгер кайсы бир адамдардын тобу тарабынан басмырлоо болсо кылмыш-жаза кодексинин бир нече же тактап айтканда 263, 330, 403-беренелери боюнча жоопко тартылыш керек. 

Андыктан, кастыкты козутуп, маркумга шек келтирип, басмырлап, ашынган динчилдердин жоопко тартылышын кыргыз эли талап кылат.

Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу мүмкүн эмес

Булак: NazarNews.kg

Последние новости