www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакынкы Чыгышта чыңалуу жаңы, кооптуу баскычка өттү. АКШ-Израиль жана Иран ортосунда 12 күндөн бери уланып жаткан тиреш акыркы окуялардан кийин глобалдык экономикалык коркунуч катары баалана баштады.
Акыркы күндөрү Ирандын аймагына заманбап куралдар менен соккулар жасалып жаткандыктан, Тегеран жооп катары катуураак кадамдарга барууда. Эксперттердин айтымында, Иран салттуу аскердик куралдан тышкары өзүнүн стратегиялык географиялык мүмкүнчүлүгүн колдонууга аракет кылууда.
Кеп дүйнөлүк энергетика үчүн эң маанилүү жолдордун бири болгон Ормуз кысыгы тууралуу болуп жатат. Дүйнөдө ташылган мунайдын чоң бөлүгү дал ушул кысык аркылуу өтөт. Иран буга чейин да басым күчөсө, кысыкты жабуу мүмкүнчүлүгүн карай турганын билдирген.
Адистер мындай кадамды «энергетикалык өзөктүк курал» деп аташууда. Анткени Ормуз кысыгы жабылып калса, бул дүйнөлүк экономикага олуттуу сокку урушу мүмкүн.
Буга чейин эле дүйнөлүк рынокто мунайдын баасы баррелине 92 доллардан ашты. Ирандын расмий өкүлдөрү согуш дагы күчөсө, мунайдын баасы 200 долларга чейин көтөрүлүшү ыктымал экенин эскертишти.
Аналитиктердин баамында, мындай сценарий ишке ашса, дүйнөдө энергия баасы кескин кымбаттап, инфляция күчөп, айрыкча энергия импорттогон өлкөлөр олуттуу экономикалык кыйынчылыктарга туш болушу мүмкүн.