www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шабданов Нурбек Шабданович Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Майлуу-Суу шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев кол койду.
Жалал-Абад региондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетекчиси Дастан Кадыров жаңы дайындалган начальникти башкармалыктын эмгек жамаатына тааныштырып, анын кызматтык ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады.
Нурбек Шабданов буга чейин Майлуу-Суу шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын начальнигинин орун басары кызматын аркалаган.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган кызматты Одилжан уулу Курстанбек аркалап келген жана жазган арызынын негизинде кызматтан бошотулду.