www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индия өкмөтү бүгүн, 7-январда Гималай тоо кыркаларына жакын жайгашкан Жошимат шаарынан 200дөй адамды эвакуациялады. Себеби, шаардагы жүздөгөн имараттарда топурак алмашып, жаракалар пайда болгон. Бул тууралуу “Рейтер” агенттиги билдирди.

"Акыркы жумаларда Джошиматтагы 600дөн ашык үйдө жаракалар катталып, жергиликтүү бийлик 200гө жакын тургунду коопсуз жайларга, анын ичинде мейманканаларга эвакуациялоо жүрүп жатат", - деди өкмөт өкүлү Химаншу Кхурана.

Адистер көп жылдардан бери Жошиматта жана анын тегерегиндеги ири курулуш иштери, анын ичинде ГЭСтердин курулушу жердин чөгүшүнө алып келерин эскертип келишет.

Маалымат үчүн айта кетсек, түндүктөгү Уттараханд штатындагы 17 000ге жакын калкы бар Жошимат шаары зыяратчылардын сүйүктүү аймактарынын бири жана бул жер Гималайга бара турган туристтер арасында абдан популярдуу.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын февраль айында Индиянын Чамоли аймагында болгон сел 200дөн ашуун адамдын өмүрүн алып кеткен, ал эми суу ташкыны эки ГЭСтин курулушун талкалаган.

Шахзод Шүкүров, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

< Предыдущий

Последние новости