www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Кытайда дүйнөдөгү биринчи "Чжу Хай Юнь" (Zhu Hai Yun) деп аталган автономдуу чалгындоочу кеме пайдаланууга берилди.

Ал жасалма интеллект тарабынан башкарылат, бирок аны алыстан да башкарууга болот. Бул тууралуу "South China Morning Post" маалымат агенттиги жазды.

Кеме өзү ондогон абада, кургакта жана суу астында жүрүүчү дрондордорду алып жүрөт. Мындай кемелердин пайда болушу менен Кытай деңиз операцияларына көзөмөлдү бир топ жогорулата алат, деп айтылат билдирүүдө.

Кеме Шанхайдагы мамлекеттик CSSC кеме куруу корпорациясы тарабынан курулуп, 2022-жылдын май айында сууга түшүрүлгөн. Жылдын аягына чейин ал сыноолордон өтүп, бардык керектүү маневрлер менен берилген маршрут боюнча рейске чыккан.

Автономдуу платформанын долбоорлоочусу Гуандундун деңиз илими жана техника боюнча түштүк лабораториясы (Чжухай) бул жылы да бир катар геодезиялык иш-чаралардын жүрүшүндө кемени океан сууларынын үлгүлөрүн алуу операцияларынан тартып картага түшүрүү, байкоо жана кайгуулга чейин сынап көрөт. Мисалы, платформа браконьерлерге каршы күрөштө жардам бере алат.

"Чжу Хай Юнь" кемесинин салмагы 2100 тонна, узундугу 88,5 метр, туурасы 14 метр.

Маалыматта кеменин электроникадан тартып кыймылдаткыч бөлүкчөлөрүнө чейинки бардык системалары Кытай Эл Республикасында кытай технологияларын колдонуу менен долбоорлонуп жасалганы белгиленген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости