www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык уюмдардын баары Кыргызстанда авторитардык режим орной баштады деп сындай башташты. Мындай пикирин Борбордук Азия мамлекеттериндеги адам укуктары боюнча Конгресстин Координатору Турсунбек Акун билдирди.

--Турсунбек мырза, Биринчи май райондук соту 21-мартка чейин митингдерди, тынч жыйындарды өткөрүүгө тыюу салды. Бул туурабы?

-- 2022-жылдын 2- октябрында Кемпир-Абадды коргоо комитети түзүлүп, 23-октябрда 30га чукул саясатчылар, коомдук активисттер, блогерлер камакка алынды. Бирок, алардын кармалышы мыйзамсыз экенин айтып, бир нече ирет пикирибизди билдирдик. 2023-жылдын 10-ноябрында камакка алынгандардын жакындары, үйбүлө мүчөлөрү аларды бошотуу талабы менен ИИМдин алдына нааразычылык акциясына чыгышты. Бирок, акцияга чыккандарды дагы Биринчи май райондук сотунун тынч жыйындарды өткөрүүгө тыюу салган чечиминин негизинде  митингге чыккандарды  укук коргоо органдары күч менен кармап, ички иштер органдарынын имараттарына алып барып, кечинде коё беришти. Укук коргоо органдарынын бул аракети да мыйзамсыз болуп калды. 
Мен мына ушул эки жагдай боюнча эмне үчүн укук коргоо органдарынын аракеттери одоно болуп, мыйзам бузулганына токтолоюн. 2022-жылдын 11-апрелинде иштелип чыккан конституциянын авторлорунун бири катары, адам укуктары боюнча 23-главадан 56-главага чейинки бөлүмдүн авторлору катары жапырт камоонун мыйзамдуулугу боюнча сөз кылайын. Конституциянын 32-беренесинде ар бир адам эркин ой жүүгүртүүгө, пикирин эркин айтууга укуктуу. Өз пикирин билдирүүдө мажбурланбашы керек деп жазылып турат. Ал эми адам укуктары декларациясынын 18-беренесинде дагы адам эркин ой жүгүртүүгө, эркин дин тутууга укуктуу деп турат. Тагыраагы, Кыргызс Республикасынын конституциясында дагы БУУ тарабынан кабыл алынган адам укуктары декларациясында да адам өз оюн эркин билдиргени үчүн эч кандай жазага алынбашы керек экени баса белгиленген. Тагыраагы, пикирин эркин айтканы үчүн мыйзам тарабынан жазага тартылууга, камакка алынууга эч кандай негиз жок. Бул бир жагы. Экинчи жагы   өткөн жылдын 23-октябрында жапырт камакка алынгандар тынч жыйындарды өткөрүп, Кемпир-Абадды коргоо комитетин түзгөнү үчүн аларга баш-аламандык уюштурду, бийликти басып алууга аракет кылды деген айып менен камакка алышканы да орунсуз болуп калды. Айтайын дегеним, конституциянын 39-беренесинде да ар бир адам тынч жыйынга катышууга укуктуу. Эч ким жыйынга катышуу үчүн мажбурланышы мүмкүн эмес деген жана тынч жыйынды өткөрүүдө мамлекеттик органдар жергиликтүү органдарга кабарлоого укуктуу деген жазуу турат. Бул жагынан Кемпир-Абаддагы жыйынды өткөрүү үчүн Өзгөн районунун администрациясына кат менен кайрылышкан. Ошон үчүн жыйынга жергиликтүү бийликтен аким, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү келип катышты. Тагыраагы, Кемпир-Абадда мамлекеттик органдар уруксат бергени үчүн жыйын болду. 

Ошон үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана шаардык соту атайын сунуштама берип, Биринчи май райондук сотунун тынч жыйынды өткөрүүгө тыюу салган чечимин жокко чыгарышы керек. Анткени, Биринчи май райондук сотунун чечими конституциянын да, адам укугу боюнча декларацияны да бузган чечим болуп калган. Мына ошол соттун чечимине таянып, укук коргоо органдары, 10-январда нааразычылык акциясына чыккандарды камакка алды. Алар бул аракети менен митингге чыккандардын абройлоруна шек келтиришти.  Тагыраагы, укук коргоо органдарынын мындай аракеттери бийликке көлөкө түшүрдү. Укук коргоо органдары, сот органдарында 30 жылдан бери жетиштүү реформа болбогону үчүн түрдүү аракеттери менен президенттерге көлөкө түшүрүп, эл аралык имиджине доо келтирип жатышат. Ошон үчүн адам укугун көзөмөлдөгөн эл аралык уюмдардын баары Кыргызстанда авторитардык режим орной баштады деп сындай башташты.  Бул жагынан Кыргызстан демократиялык аралча деген атыбызды жоготуп, авторитардык режим орногон мамлекеттер менен теңеле баштадык.

- “Азаттык” радиосунун жабылышы сөз эркиндигине шек келтирбейби? 

-- Негизи демократиянын орношуна чоң салым кошкон радионун сайтын жаап калпыстыкка жол беришти. Чынында “Азаттык” радиосу адам укугун коргоо, сөз эркиндиги боюнча көп жакшы иштерди жасаган. Бирок, акыркы үч-төрт жылдан бери “Азаттыктын” деңгээли түшүп, мурунку жетекчиси тууганчылыкты өнүктүрүп, туура эмес иштерге барган. Мен баштагы позициясынан тайды деп 2-3 жыл маек бербей, катачылыгын айтып жүргөм. Бирок, бийлик тарабынан “Азаттык” сайтынын жабылышын туура эмес деп эсептейм. Анткени, “Азаттыкты” жабуу бийликке аброй алып келбейт. Балким, “Азаттык” радиосунун жетекчилиги күнөөлүүдүр. Бирок, ал жакта иштеп жаткан таланттуу журналисттердин күнөөсү жок да. Алардын эмгегин жокко чыгарып, сайтты жаап, тоскоолдук жаратпашыбыз керек.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости