www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк банк Отуз-Адыр каналын оңдоого 30 млн доллар бөлөт

Отуз-Адыр каналы учурда толук реконструкциялоо иштерине муктаж болуп отурат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуев бүгүн, 9-июнда Биринчи радионун “Эл өкүлү” уктуруусунда билдирди.

Депутаттын айтымында, ирригациялык система Кара-Суу районундагы 16 айыл өкмөттүн 8 айыл өкмөтүнө кызмат кылат.

Каналдын курулушу 1945-жылы башталып, 1949-жылы аяктаган. Анын узундугу 52 чакырымды түзөт, айрым бөлүктөрү жергиликтүү элдин демилгеси менен ашар аркылуу бүткөрүлгөн.

“Азыр толук реконструкциялоо иштерине муктаж болуп отурат. Себеби, кезегинде аталган каналга 30 кубометр суу сыйып келген болсо, азыр ага болгону 15 кубометр гана суу араң батат. 2022-жылы Дүйнөлүк банк менен биргелешкен келишимге ылайык, ратификацияланган мыйзам чегинде 30 млн доллар бөлүнүп отурат. Ал каражатка 2026-жылга чейин Отуз-Адыр каналын цементтөө жумуштары аткарылат”, — деди депутат.

Алишер Козуев белгилегендей, бул дыйкандарды көйгөйдөн арылтып, суунун коромжуга учурашына жол бербейт.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости