www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк экономикалык форум Орусиянын Украинага кол салганы менен байланыштуу Орусия менен болгон бардык карым-катнаштарын токтотуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, баш ордосу Швейцария жайгашкан Дүйнөлүк экономикалык форумдун билдирүүсүндө, кабыл алынган чечим менен Орусиянын президенти Владимир Путинге форумдун бардык иш-чараларына катышууга тыюу салынды.

Дүйнөлүк экономикалык форумдун катчысы Аманда Руссо: "Санкцияга учураган эч ким менен карым-катнашта болбойбуз жана орус мекемелери менен мамилебизди токтоттук", - деп билдирет.. 

Белгилей кетсек, Путин жана Орусиянын мурдагы премьер-министри Дмитрий Медведев 2007-жылдан 2021-жылга чейин Дүйнөлүк экономикалык форумдун саммиттерине 5 жолу катышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости