www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бул санкциялар баары бир киргизиле турганынан күмөнүм жок болчу. Алар акыркы көп жылдан бери киргизилип келген», - деди Орусиянын президенти Владимир Путин өкмөт мүчөлөрү менен болгон жолугушууда.

Ал Советтер Союзу кулагандан кийин дагы көптөгөн санкциялар жана чектөөлөр өз ишин токтотпогондугун эске салды. «Ошентип, алар Россия Федерациясына карата чексиз аракеттерин улантты. Советтер союзунун бардык республикалары совет доорунда алган мурдагы кредиттерди төлөө үчүн акчаны ырахаттануу менен гана алышты», - деди Путин.

Путиндин айтымында, санкциялык басым дайыма болуп келген. «Ооба, албетте, азыр ал татаал мүнөзгө ээ болуп, бизге белгилүү суроолорду, маселелерди, кыйынчылыктарды жаратууда. Бирок өткөн жылдарда бул кыйынчылыктарды жеңгенибиздей, азыр да жеңебиз. Биз бул мезгилден өтүшүбүз керек. Экономика, албетте, жаңы жагдайга ыңгайлашууда», - деди Путин.

Эске салсак, Путиндин «Донбасстагы калкты коргоо» тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирген. Он беш күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катаал чабуулдар Киев менен Харьковго жасалды. БУУнун маалыматы боюнча, согуш башталгандан бери Украинадан 2 миллион адам качкын болуп чыгып кетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости