www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөнүн эң бийик чокусу Эверестте тазалоо иштери уюштурулуп, 11 тонна таштанды чогултулду.

Еuronews маалымадагандай, Непал бийлиги тоого чыккан альпинисттерге таштандыларды жыйнап, өзү менен кошо ылдый ала келүүнү милдеттендирген. Бирок бардыгы эле таштандыны ташууга күчү жетпей калат.

Непал өкмөтүнүн каржылоосу менен Эверестте өткөрүлгөн тазалоо иштеринде бир нече жума бою базалык лагерь жана тоонун боорлору таштандылардан арылтылды. Анда баш-аягы 11 тонна акыр-чикир чогултулду. Ал эми абал жакшырганына карабастан, тоону толугу менен тазалоого көп жылдар кетери айтылууда.

“Таштандылардын көбү эски экспедициялардан калгандар. Ал эми акыркы жолкуларынан өтө деле көп эмес. Азыр өкмөт жана жергиликтүү бийлик тарабынан киргизилген так эрежелер бар. Альпинисттер өздөрүн жоопкерчиликтүү алып жүрүшөт”, - деди тазалоо иштеринин катышуучусу Анг Бабу.

10 жыл мурун Непал өкмөтү альпинисттерди тоодогу таштандыны чогултуп, кайра алып кетүүгө милдеттендирген. Бирок экстремалдык шарттарда баары эле талапты аткарууга даяр эмес, анткени алар өз өмүрүн сактоого аракет кылышат. Дүйнөдөгү эң бийик чокуга чыгуу өмүргө коркунуч туудурат, альпинисттердин арасында каза тапкандар да болот. Бул жолку тазалоо иштеринин жүрүшүндө беш адамдын сөөгүн табылды.

Последние новости