www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дмитрий Медведев COVID илдетинен эмдөөнүн темпи, оорунун кооптуу штаммдары, көп өлкөлөрдүн саясий эрк көрсөтүүгө даяр эместиги дүйнөлүк экономикадагы кырдаалга таасирин тийгизип жатканын айтты. Дүйнөдө азык түлүк каатчылыгы башталды. Бул тууралуу билдирүүнү Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасы Дмитрий Медведев айтканын «Российская газета» жазды.

Анын айтымында, учурда дүйнөлүк экономикадагы кризистен чыгуу боюнча эч ким так божомол бере албайт. «Бардык жерде тамакаш кымбаттап, азык-түлүктүн инфляциясы тездеп жатат. Азыр дүйнөлүк экономикада болуп жаткан окуяларды 2008-2009-жылдардагы финансылык кризистен алда канча олуттуу болууда деп бир сөз менен сыпаттаса болот», — деген Медведев. Тийди, бирок ошол эле учурда экономикасы өнүккөн өлкөлөр тездик менен калыбына келүү жөндөмдүүлүгүн көрсөтүүдө.

Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун божомолуна ылайык, өнүккөн өлкөлөрдүн көбү 2022- жылдын аягында кризистен чыгып, толугу менен абалды калыбына келтиришет. Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары кээ бир өнүгүп келе жаткан өлкөлөр 2024- жылда пандемияга чейинки абалына кайра келе аларын белгиледи.

Анын айтымында, дүйнөлүк кризистин кесепеттерин жоюу үчүн экономиканы калыбына келтирүүгө жана баалардын туруктуулугун сактоого багытталган эффективдүү саясат талап кылынат. «Азыртадан эле кээ бир өлкөлөрдүн карызынын көбөйүшү жана инфляциянын болуп көрбөгөндөй темп менен жогорулашы жаңы чакырыктарга айланды.

Ошондой эле көп жагдай тышкы соода жүгүртүүнүн кайра жандануу темпине, өзгөчө кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортимпортуна жараша болот. Азыр эч ким так божомол айта албайт», — деген Медведев. Ал белгилегендей, дүйнөлүк абалга көптөгөн экономикалык эмес факторлор, маселен: калкты эмдөөнүн тездетилиши, COVID илдетинин жаңы штаммдарынын пайда болуу коркунучу, өзгөчө күчтүү – саясий мүнөздөгү факторлор, анын ичинде коронавируска каршы күрөштө эл аралык кызматташууга саясий эрк сыяктуу көрүнүштөр таасир этет.

Деген менен бардык эле мамлекеттер эрк көрсөтүүгө даяр эмес. Медведев кошумчалагандай, бул бүгүнкү күндө эң олуттуу көйгөйлөрдүн бири.

Булак:  http://sokol.media/

Последние новости