www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындан бир ай мурда Жогорку кеңеш «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат тууралуу» жаңы мыйзам кабыл алган жана бейшемби күнү президент ага кол койду. Мыйзамга ылайык, министрликтердеги статс-катчылар жоюлат, анткени алардын иши үзүрлүү болбойт экен.

2016-жылдын май айында кабыл алынган мурдагы мыйзам боюнча, статс-катчылар баардык мамлекеттик органдарда бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзүү үчүн жооптуу болгон. Мүмкүн, андай бирдиктүү саясат милдетин эми президенттик администрациядан бирөө алат, анткени министрлердин орун басарлары андай ишти жасай албайт ко. Кызык абал түзүлүүдө.

Мисалга, ГАИлер пара алып, кээ бир милициячылар уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышып кетип, Ички иштер министрлигинин иши үзүрлүү болбой жатса, аны жоюп салгандын ордуна терең реформалаш керек ко? Же мектеп мугалимдери менен бала-бакчадага тарбиялоочулардын иши үзүрлүү болбой калса, алардын баарын жоюп салыш керекпи?

Последние новости