www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкө президенти Садыр Жапаров 1-ноябрда Глазго шаарында Азиялык өнүктүрүү банкынын президенти Масацугу Асакава менен жолугушту.

Жолугушуу жүрүшүндө Кыргызстан менен Азиялык өнүктүрүү банкынын ортосундагы кызматташтыктын келечеги талкууланды, деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

Мамлекет башчысы Азиялык өнүктүрүү банкы менен өз ара аракеттенүү тышкы экономикалык саясаттын алгылыктуу багыты болорун белгиледи.

«Биз Азия өнүктүрүү банкынын социалдык-экономикалык өнүгүүдө, макроэкономикалык стабилдүүлүктү камсыздоодо жана коронавирустук пандемияга каршы күрөшүүдө көрсөткөн жардамын жогору баалайбыз. Азия өнүктүрүү банкынын 2021-2024-жылдарга программасынын алкагында программалык-долбоордук кызматташууну андан ары кеңейтүүнү колдойбуз», - деди ал.

Мамлекет башчысы АӨБ менен ар кыл чөйрөдөгү кызматташтыкты кеңейтүүнү колдоорун белгиледи. Ал эки тараптуу форматта жана көп тараптуу механизмдердин алкагында кызматташтыкты активдештирүүнү сунуштады, анын ичинде гидроэлектроборборлорду куруу долбоорунун алкагында да.

Кийинки беш жылдын максаты катары Садыр Жапаров климаттык каржылоо портфелин 150 млн АКШ долларына чейин көбөйтүүнү сунуштады.

Өз кезегинде Масацугу Асакава климаттын өзгөрүүсүнө таасир этүүчү абага бөлүнүүлөрдү кыскартуу боюнча Кыргызстандын кызматташтыгы жана аракеттери үчүн ыраазычылык билдирди. Ал уюмдун Кыргызстан менен кызматташтыгын активдештирүүгө даярдыгын билдирип, климат маселелери боюнча портфелди көбөйтүү маселеси АӨБ директорлор кеңеши менен бул жолугушуудан соң талкууланарын белгиледи.

ГЭС курулушунун маселесине токтолуп, АӨБ президенти алардын адистери биргелешкен долбоорду иштеп чыгууга киришерин кошумчалады.

Ал 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө ийгилик каалады.

Мамлекет башчысы АӨБ жетекчисине каалоолору үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан жакынкы беш жылда бардык күч аракетин экономиканы өнүктүрүүгө жана климаттын өзгөрүүсүнүн терс кесепеттеринин алдын алууга жумшарын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости