www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Жозеф Байден эл аралык ири иш-чарада отуруп, улам үргүлөп кетип жатканын The Washington Post басылмасынын журналисти Зак Браун коомчулукка таратты. ​ЖМКлар Улуу Британиянын Глазго шаарында өтүп жаткан БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндөгү алкактык конвенциясынын 26-конференциясында отурган АКШ лидерин видеого тартып алышкан.

"Байден башкалар сүйлөп жатканда уктап кетти окшойт", — деп жазган Браун өзүнүн твитинде.

Видеону 1,1 миллиондон ашуун киши көрүп, 11 миңден арбыны "жакты" деген белгини койгон.

Кадрдан Байдендин улам үргүлөп кетип жаткандыгын көрүүгө болот. Көзүн жумуп алып, эки колун кайчылаштырып отурган мамлекет башчысынан жанына келген жардамчысыбы же персоналдарынын бириби, айтор "ойготуп", бир нерсени сурап жатканы кадрга түшүп калган. Интернет колдонуучулардын бир катарлары ал жаш эместигин, улгайып калган куракта мамлекетти башкаруу кыйын болорун жазган.

Глазгодогу бул саммит эң чоң иш-чаралардын бири катары эсептелип калары айтылууда. БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндөгү алкактык конвенциясынын 26-конференциясына, дүйнө лидерлеринин саммитине 30 миңден ашуун делегат, анын ичинде 120 дүйнө лидерлери, эксперттер, өкмөттүк аткаминерлер катышууда.

Бул иш-чарага Кыргызстандын атынан президент Садыр Жапаров да барган. Ал бүгүн саммиттин алкагында Монголия президенти Ухнаагийн Хурэлсух, Армения жетекчиси Армен Саркисян, Канада премьер-министри Жастин Трюдо, Ислам банкынын жетекчиси Мухаммадом бин Сулейманом Аль-Жассир жана дагы бир нече адамдар менен жолуккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости