www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 27-ноябрдагы отурумунда Жогорку Кеңешке шайлоого Бишкектеги №22 шайлоо округунан депутаттыкка талапкер Лира Акунованы жана №24 округдан талапкер Гүлназ Халилованы кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, Лира Акунованын кызы Салтанат Исманова жана жээни Шаабидин Токтосартов шайлоочулардын добушун сатып алуу үчүн талапкердин штабынан 360 миң сом таратканы аныкталган. Сот 26-ноябрда анын кызы менен жээнин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарып, милиция издөө жарыялады.

Шаардык милиция ал эми Гүлназ Халилованын пайдасына добуш сатып алуу ишине 43 жаштагы адам, анын 22 жаштагы уулу (Ф.М.) жана Бишкек шаарынын “Восток-5” кичи районунун 64 жаштагы үй комитет башчысы тартылганын билдирген. Үгүтчүнүн батирин тинткенде 80 миң доллар, 116 миң сом, штабдан алынган 29 миң 500 сом, ошондой эле “Восток-5” кичи районунда жашаган шайлоочулардын тизмелери табылган.

Эки факты боюнча тең Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Шектүүлөрдүн жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек. Алар өздөрү же өкүлдөрү Боршайкомдун 27-ноябрдагы жыйынына да катышкан жок. Лира Акунова менен Гүлназ Халилова ушул тапта Бишкек шаардык кеңешинин депутаты.

Последние новости