www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ленин округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерге добуш сатып алуу боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз ккызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, №26-Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер У.А. жана анын айланасындагылар үгүт мезгилинде шайлоочуларды сатып алуу аракети, шайлоо фондуна кирбеген финансылык каражаттарды пайдалануу, административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу жана шайлоочуларды ташуу түрүндөгү төгүндөлгүс далилдер алынды.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 2-бөлүмү (Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында иштин бардык жагдайларын аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылып, чогулган материалдар Кыргыз Республикасынын БШКга андан ары кароо үчүн жөнөтүлөрү айтылды.